КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 22:43 | 22 аяк оона

Африка фрезиясы жана кыргыз жоогазыны - марттын гүл тренди

Дата: 19:11, 05-03-2014.

«Азыр базар түркүн түстөгү жоогазынга толгон. Укмуш сүртүмдөр. Азыр жазгы гүлдөрдүн тренд тизмесинде фрезия турат, андан соң жоогазын, нарцисс андан кийин гана роза», - дейт сатуучу.

«Гвоздика - бул мырзалардын гүлү, бирок, аз чыгымды каалагандар тандоого аргасыз», - дейт ал.

И.Мануковская букеттин жакшысын тандоодо айрым штрихтерге көңүл бурууну кеңеш кылат.

«Роза тандоодо жалбырактарына кароо зарыл. Розанын таңгалталбай, чакада турганы ыңгайлуу. Бирок, көпчүлүк сатуучулар анын эскирип кеткендигин жашыруу үчүн түрдүү букеттерге ороп, жалтырактар менен жаап коюшат. Кардардын көзүнчө ороп берсе жакшы болот. Ал эми ачыла элек жоогазында байланган резинка болбошу керек. Жоогазындын сабагы катуу болушу зарыл. Лилиянын буласы ачылбай,  жарым жартылай түшүп турса жакшы болот. Герберанын сабагы катуу, бекем кармаганда былжыр чыкпашы шарт», -  дейт сатуучу.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө голландиялык розанын бир даанасы Бишкек шаарында 150-200 сомдон. Ал эми кытай розасы 100-120 сом. Жоогазын - 85, гвоздика-50, фрезия-150 сом турат. Лилиянын бир талчасы 350 сом турат.

« Сонку эки жылдан бери 7-мартта эле күндүн экинчи жарымында гүл калбай калат. Ал эми 8-мартта кечинде гүлдүн баасы сомдун курсундай төмөндөп кетет», - дейт сатуучу.

Поделиться новостью: