КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 21:14 | 26 аяк оона

Ага-ини Бакиевдер өмүр боюу эркинен ажыратылды

Дата: 14:32, 25-07-2014.

Мурунку президент Курманбек Бакиев мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн режимде өмүр боюу түрмөгө кесилди. Ошондой эле Жалал-Абад облусу Тейит айылындагы үйүнүн кирешелери мамлекетке өткөрүлдү.

Анын иниси Жаныш Бакиев да мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн режимде өмүр боюу эркинен ажыратылды. Ал ошондой эле аскердик ченинен айрылды.

Экс-президенттин туң уулу Марат Бакиев күчөтүлгөн режимде 10 жылга кесилди. Анын «BMW» үлгүсүндөгү унаасы жана банкта сакталган $1,9 млн ашык акчасы мамлекетке өткөрүлдү.

Экс-премьер-министр Данияр Үсенов мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн режимде өмүр боюу эркинен ажыратылды. Экс-премьердин «Кадиллак» үлгүсүндөгү унаасы, Бишкектеги батири, Эркиндик көчөсүндөгү үйү жана 36 миң сомдон ашык каражаты мамлекетке өткөрүлдү.

Поделиться новостью: