КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 11:10 | 19 жетинин айы

«Ата-Журт» жана «Республика» партиялары өздөрүнүн биригүүсү тууралуу расмий билдирүү жасады

Дата: 12:16, 20-10-2014.

Бишкек. 20 октября. КирТАГ - Гулиза Чудубаева. Бишкекте «Ата-Журт» жана «Республика» партиялары өздөрүнүн биригүүсү тууралуу расмий билдирүү жасады. Бул тууралуу КирТАГ кабарчысы дүйшөмбү күнкү уюмдаштыруу съездинен билдирди.

«Эки саясий күчтүн биригүүсү Кыргызстандын жаңы тарыхындагы маанилүү көрүнүштөрдүн бири жана элдин жыргалы үчүн жасалууда. Биз үчүн бүгүн тарыхый күн», - деди уютуруу комитетинин башчысы мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакпаев.

Президиумга 12 адам чакырылган – башында – Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев турган ар бир партиядан алтыдан киши. Күн тартибинде бириктирилген партиянын лидерин жана уставды шайлоо.

Эске сала кетсек, Ө. Бабанов Жогорку Кеңештин депутаттыгына 2005-жылы шайланган, 2011-жылдын 23-декабрынан 2012-жылдын 1-сентябрына чейин Кыргызстандын премьер-министри болуп эмгектенген.



#саясат#киртаг#жаңылык #кыргызстан

Поделиться новостью: