КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 0:20 | 13 жетинин айы

Атамбаев үч жылдан соң өз орун басарына энергетикалык жактан көз каранды эмес транзиттик өлкөнү өткөрүп берүүнү убада кылды

Дата: 11:29, 22-10-2014.

Бишкек. 22 октября. КирТАГ - Бакыт Толканов. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев үч жылдан соң өзүнүн орун басарына энергетикалык жактан көз каранды эмес транзиттик өлкөнү өткөрүп берүүнү убада кылды. Бул тууралуу өлкө башчысы шаршемби күнү эл аралык турнирлердин жеңүүчүлөрүн куттуктоо салтанатында билдирди.

«Тууганчылык, кудачылык – бул баардыгы өтүп кетет. Көп иш жасалып жатат. Муну үч жылдан соң жаңы президентке таптакыр башк өлкө өткөрүп бергенде, каралап жаткандар жакшы түшүнүшөт. Кыргызстан энергетикалык жактан көз карандысыз болууга жетише алат, бүткүл республика жолдор менен байланышып, туюк эмес транзиттик болот», - деп билдирди президент.

Атамбаевдин пикиринде, кечээ эле алсыз Кыргызстан «акыркы жылдар арлыгында жашоо деңгээли кескин көтөрүлдү».

«Көпчүлүгү өлкөдө жашоо кыйын болуп калгандыгын айтышат, бирок Бишкектин 1 млн тургунуна 360 миң автоунаа туура келет, башкача айтканда 2,5 адамга 1 унаа туура келет, ушундай эле көрүнүш бүткүл өлкөдө байкалат. Ар бир жаранга бир жарымдан уюлдук телефон туура келип, биз бул көрсөткүч боюнча Франция жана Германиядан да ашып кеттик», - деди А. Атамбаев.

«Биз колдонгонду билбейбиз (акча – КирТАГ), кереги жок нерселерге коротобуз, арак-шарап, той-тамашаларга салабыз, мисалы, үйдүн чатырын бүтөп алсак жакшыраак эмеспи», - деп кошумчалады ал.



#коомчулук#киртаг#жаңылык#кыргызстан

Поделиться новостью: