КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 0:38 | 24 аяк оона

Атай Өмүрзаковтун бий тобу Германиядагы таланттар конкурсунун финалына чыкты

Дата: 13:23, 29-09-2014.

«Бизде жакшы жаңылыктар бар. Биз «Das Supertalent» 2014 аттуу белгилүү немецтик телекөрүүчү конкурсунда ийгиликтүү башын баштадык. Ал конкурс «RTL» аттуу эң белгилүү каналдарынын биринде тартуланат, анын калыстары атактуу адамдар, алардын арасында Modern Talking легендарлуу немецтик тобунун аткаруучусу Дитер Болен да бар. Калыстар биздин талантыбызды жогору баалап, калыстар тобунун бири, биздин чыгуубуздан кийин, өзүнүн кабыл алынган күчтүү сезимин көз жашы менен төгүп, башкы байге 100 миң еврону бизге берүүгө сунуштады», - деп Атай белгиледи.

Анын айтымында, 4 калыс тең бир добуш менен Кыргызстандын бий тобу, конкурстун калган доорлорунан аттап кеттип, финалга чыгуусун кабыл алышкан.

Атай Өмүрзаковтун тобунун катушуусу менен интернеттеги жарыяланган видеосу бир сааттын ичинде эле 100 миңге жакын жакшы түшүндүрмөлөр менен көрүүлөрдү чогулткан.

«Немецтик көрүүчүлөрдүн көптөгөн бөлүгү биз долбоордогу жеңишке толугу менен таттыктуубуз деп эсептейт. Биз финалдык чыгууга даярдыктарды баштап жатабыз. Финал үстүбүздөгү жылдын декабрында Кельн шаарында (Германия) өтөт», - деп Өмүрзаков билдирди.

#маданият#киртаг#жаңылык#кыргызстан

Поделиться новостью: