КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 23:45 | 12 жетинин айы

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата Семенов капчыгайына 100 боз үй тигилет

Дата: 17:09, 07-07-2014.

«Мамлекеттик органдардын жыйынан кийин, 8 сентябрдан 14 сентябрга чейин Ысык-Көлдө өтөтурган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюндарына даярдыктар көрүлө баштады. Жыйында Семенов капчыгайындагы Кырчын жайлоосуна 100 боз үй тигүү тапшырмасы берилди», - деп маалымдады Н. Муканбетова.

Жыйында, алгачкы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюндарын замандап жана сапатуу уюштуруу маселелери каралды.

Эске салсак, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюндарына Туркия, Казакстана, Узбекистан, Тажикистан, Түркменистан, Гагаузия, Азербайжан, Монголия жана Кыргызстандан спорттук делегациялар катышат.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюндарынын программасына көк-бөүру, тогуз-коргоол, кыргыз күрөшү, алыш, оодарыш, ат-чабыш, жорго-салыш, кунанчабыш, ордо, кыз-куумай, тыйын эңмей, кулатуу, салбуурун оюндары кошулган.

Көчмөндөрдүн оюну олипиадалык оюндардын аналогу болуп саналат. Аталган туристтик долбоор салттык жана көчмөн калктардын улуттук оюндарына арналат.

Поделиться новостью: