КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 21:35 | 21 аяк оона

Балыкчынын таштак жерлери 3-4 жылда өрүкзарга айланат - токой чарба директору

Дата: 14:17, 16-04-2014.

«Көк-Мойнок айыл округунун Кара-Талак айылынын таштак жерине 2009 жылдан өрүк жана башка мөмө жемиштери отуругузулуп келет. Биз бул жерлерден биринчи жылы биз 54 тонна түшүм жыйнадык», - деп маалымдады Жантаев.

Ал ошондой эле, өрүк 3-4 жылдан кийин толук түшүмгө кирээрин, түшүм жыл сайын өсүп жатканын билдирди. Бул жылы 74 тонна түшүм жыйнаганын кошумчалады.

Анын айтымында, JICA Кара-Тала - Кара-Булак суу каналын курууга колдоо көрсөткөн. Аталган уюмдун көмөгү менен Балыкчы шаарынын айланасында 400 га жерге мөмө дарактарынын плантациясына айланган.

«Долбоордун максаты - таштак жерди мөмө дарактарынын плантациясына айланту. Суу системасы жолго коюулгандан кийин, шаардыктардын жашоо да бир топ жакшырды. Алардын туристтик сезондон башка киреше булактары жок», - деп билдирди Жантаев.

Поделиться новостью: