КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 9:50 | 16 жетинин айы

Баткен тоолорунда өскөн уникалдуу айгүл гүлү туристтик форумда конокторго күрсөтүлөт

Дата: 14:15, 07-04-2014.

«15-апрелде Баткенде «Туризм аймакты өнүктүрүүнүн ачкычы» аттуу эл аралык форум өткөрүлөт. Форумда  көргөзмө да болот. Конокторго уникалдуу айгүл гүлүн көрсөтүү үчүн «Айгуль-Тоо»го атайын экскурсия уюштурулат», - деп маалымдайт Ж. Мусурманкулов.

Анын сөзүнө караганда, Баткен облусунда айгүл гүлүн элдик сакчылар өз калоосу менен коргойт.

«Айгүл гүлү өскөн Баткен облусунунун Кара-Булак районуна Баткен шаарынан 30 минутада барса болот. Гүл өскөн жер 250 гектарга жакын. Жыл сайын гүлдүн саны азайгандан азайып баратат. Анткени адамдар гүлдүн тамырын уурдап кетидөө. Ошондуктан 2009-жылы гүл өскөн аймакка уруксатсыз кирүүнү токтотуу тууралуу чечим кабыл алган. Жакында атайын тосмолор орнотулат», - дейт Ж.Мусурманкулов.

Туризм департаментинин башкы адиси Чубак Оморов облуста туристтерди өзүнө тартуучу аймактар көп, бирок маалымматтын жетишсиздиги туризмдин өнүгүүсүн токтотуп турат. Ошондой эле Баткенде баары болуп бир гана туристтик агенство бар. Буга кошумача аймактагы митинг пикеттер туристтерди коркутуп жатат.

«Учурада Баткен облусунда Ак-Сай, Дугаба капчыгайында альипинизм өнүгүп жатат», - дейт ал.

Поделиться новостью: