КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 22:47 | 22 аяк оона

Beeline компаниясы байланыш тарифтерин эсептөөдө кардарларын ашыкча чыгымга учураткан деп күмөндөлүүдө

Дата: 16:26, 22-01-2014.

Бишкек. 22-январь. КирТАГ - Рыспек Токтоналиев. Beeline компаниясынын   жабдыктары   кардарлардын чыгымынын  эсебинен   телефондук  түйүндөрдүн  байланышын  өлчөй алмак.  Бул  туурасында    экономика  министрлигинин  алдындагы метрологиялык көзөмөл мамлекеттик  инспекциясы  билдирди.
  
Инспекциясынын  маалыматына караганда, ведомство  тарабынан  « Скай Мобайл»  компаниясынын    өлчөм каражаттарына  метрологиялык текшерүү  жүргүзүлгөн.  Текшеруудө     кошулуулардын аралыгын өлчөгөн  система  Бишкек  жана Ош  шаарларында  бекитилген убактылуу  жана көлөмдүү  тарификацияны аткарган  жабдыктар мыйзамда көрсөтүлгөн тартиптен  өткөн эмес.  Компания жылда  бир  жолу  Кыргыз телеком алдындагы  лабораториядан  милдеттүү  түрдө   текшерүүдөн  өтүшү керек. Анда  аралыкты туура өлчөгөн атайын  прибор бар жана  тиийштүү  тастыктама  берилмек.  Текшерүүдө  аныкталгандай,     аталган  тастыктоочу  документ «Beeline»  компаниясында  жок болуп  чыкты.

Мамлекеттик  инспекция  бул  мүчүлүштүктөрдү калыбына келтирүү  боюнча  атайын  эскертүү  берди.  
Ведомство  маалымдагандай,   мындай кырдаал  компанияга да  жана  кардарларга  да   аралыктагы кошулчалардын  туура  эмес   өлчөнүшүнө алып  келеши  ыктымал. Балким  жабдык түйүндөрдү кардарлардын пайдасына   өлчөгөн эмес.    Бирок кайта кайталап  текшерүүдө  аталган  мыйзам  бузуулар  калыбына келбегендиги  аныкталды.   Андыктан   административдик укук  бузуу боюнча  протокол  түзүлдү.  Санкцияга   ылайык,  акчалай  айып  салышы каралган.  

Бүгүнкү күнү     иснпекция  компанияга карата кайсыл  санкцияны колдонуу     жагын  карап   жатат.  Бирок  инспекциянын   эскертүүсүнө карата   Скай Мобайл компаниясы  сотко кайрылган.   Компания  эскертүүнүн  маани манызына  эмес, анын  туура эмес  түлүзүшүнө  дооматтанган.

Поделиться новостью: