КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 19:40 | 21 аяк оона

Бишкек шаарындагы акча алмаштыруу жайлары доллар сатууну токтотушту

Дата: 14:00, 03-03-2014.

Сомго салыштырмалуу америка валютасы доллардын курсунун жогорулагандыгына байланыштуу доллар сатууну токтотту. Учурда алар калктын колундагы валютаны гана сатып алууда.

«Биз бир сааттан кийин эмне болоорун билбейбиз, доллар курсунун абалы түшүнүксүз болууда. Азырынча доллар сатууну токтоттук. Курс ар бир саатта өзгөрүп жатат », - деп жеке менчик акча алмаштыруу жайынын башчысы билдирген.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы акча алмаштыруу жайларында сомго карата доллардын курсу 80 тыйынга жогорулаган. Айрым акча алмаштыруу жайларында бүгүн саат 12:00де доллардын курсу 56 сомго чыкты, ал эми сатып алуу 57,5 сом.

Эртең менен саат 10:00 курс 55 сом 20 тыйын, сатуу 57 сомду түзгөн.

Эс алуу күндөрү орто эмес менен доллардын курсу 2 сомго кымбаттады, белгилей кетсек, 2013-жылы 3,9% төмөндөдү.

Ал эми жыл башынан бери 12-февралдагы девальвация4,2% түздү. Курс 49,1 сомдон 51,2 сомго жогорулады.

Поделиться новостью: