КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 8:21 | 17 жетинин айы

Бишкек шаарынын мырзалары дүкөндөрдө гүл калтырган жок

Дата: 17:20, 07-03-2014.

Түшкө чукул шаардагы ири дүкөндө гүл калбай сатылып кеткен.

«Силер эмне деп ойлодуңар? Бизге мекемелер келип, дүңүнөн баарын алып кетишти. Учурда болгону розанын 10 даанасы калды», - дейт сатуучу.

Ал эми башка дүкөндүн сатуучулары алдын ала буйрутма кылгандар үчүн гүл келе тургандыгын айтышты.

«Биз бүгүн алдын ала алган заказдар менен гана иштедик. Канчаны заказ кылган болсо, ошонун баарын калтырбай алып кетишти. Өз телефон номурларыңарды таштап койгула, келсе чалып айтып коёбуз», - деп башка дүкөндөн билдиришти.

Дүкөндөрдүн көпчүлүгүндө саналуу гана гүл калган.

Белгилей кетсек, 8-мартка утурлай дүкөндөрдө гүл тартыштыгы эки жылдан бери байкалып келет. Ал эми анын баасы 7-март күнү түштөн кийин эки эссе кымбаттайт, 8-март кечке жуук сомдун орто салмактуу курсуна сыяктуу арзандап калат.

Кечээ майрам алдында шаардагы гүл дүкөндөрдө баа кеминде 50 сомго көтөрүлдү. Мисалы, голландия розасынын бир даанасы 200сом, калган күндөрү ал 150 сомдон эле сатылат. Кытай розасы бүгүн 180 сомго чыкты (мындай күндөрү 100-120 сом). Жоогазын мындан бир нече күн мурун 85 сом турса бүгүн 130-150. Фрезия корзинасы 150 сом, учурда айрым дүкөндөрдө ал 350 сомго чейин жетти. Лилиянын талчасы 450 сом деп турат.

Поделиться новостью: