КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 21:16 | 24 аяк оона

Бишкек жана облус борборлорунда тамак-аш азыктары кымбаттады

Дата: 13:00, 04-03-2014.

«Бүгүн ата-энем Каракол шаарынан чалышты - кумшекер, күрүч, туз, майдын баасы көтөрүлгөн. Мисалы, суу май 10 сомго, шекер 5-сомго көтөрүлдү», - деп Курбан Идыров билдирет.

Нарын облусунда ундун мүшөгү 100 сомго жогорулады. Ал эми, 2-сорттогу ундун баасы буга чейин 900 сомдон сатылса, бүгүн миң сомго чыкты. Шекер 45 сомдон 50 сомго көтөрүлдү.

Кара-Балта шаарында болсо картөшкө баасы дүңүнөн жана чекене сатууда да өстү. Базарда картөшкөнүн кг 25 сом деп турат, өткөн жумада 20 сом болчу. Пияздын баасы да 5 сомго көтөрүлүп, 15 сомдон 20 сомго жетти.

Сатуучулар билдиришкнедей, навайчылар да бааны көтөрүүнү эскертүүдө. Анткени, ундун баасы кымбаттады.

Ал эми, Баткен облусунда азык-түлүк баасы кармалууда, кымбаттоолор 2-4 сомдун тегерегинде байкалды.

Бишкек шаарындагы «Триада» дүкөнүндө Beta чайынын 100 гр кутусу 20 сомго кымбаттап, баа 50 сомдон 70 сомго чыкты. Жумуртка 65 сомдон 85 сомго жогорулады. Сатуучулардын сөзү боюнча, азык-түлүктү шейшемби күнү жаңы баа менен алышкан.

«Бишкек шаарындагы 6-кичи райондо шекер 5 сомго көтөрүлүп, 45 сомдон 50 сомго жетти. 35 сомдон сатылган сүт 45 сомго чыккан», - деп шаар тургуну Айжамал Каразак билдирген.

Поделиться новостью: