КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 22:05 | 14 жетинин айы

Бишкекке эскилиги жеткен үйлөрдү түрттүрүү жөнүндө мыйзам керек - Аманкулов

Дата: 16:30, 15-06-2016.


Бишкек. 15-июнь. КирТАГ – Айзура Чыкынова. Бишкекке үй ээси менен инвестордун ортосундагы алаканы жөнгө салып туруучу, эскилиги жеткен үйлөрдү түрттүрүү жөнүндө мыйзам абадай керек. Бул тууралууЖогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, курулуш жана архитектура боюнча комитетинин башчысы Марат Аманкулов шаршемби күнү «Бишкектеги курулуш жана жер колдонуу көйгөйлөрү» тегерек столунда билдирди.

«Бишкекке үй ээси менен инвестордун ортосундагы алаканы жөнгө салып туруучу, эскилиги жеткен үйлөрдү түрттүрүү жөнүндө мыйзам абадай керек. Үй сатуучу да өзүн алданып калгандай сезбеши үчүн, келген инвестор дагы эмнеге, канча төлөй тургандыгын билгендей болуш үчүн мыйзам керек», - деди М. Аманкулов.

Эл өкүлүнүн белгилөөсүндө, Бишкекте өнүгүп кете ала турган перспективалуу райондор бар.

«Эртеби, кечпи каатчылык бүтөт, экономика жогорулайт, бизде үй куруу жана сатып алуу пайдалуу болот. Ал үчүн аткаруучу бийлик мыйзам чыгаруу базасын түзүүсү керек», - деди ал.

Поделиться новостью: