КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 10:22 | 15 жетинин айы

Бишкекте биринчи жолу кымыз майрамы өткөрүлдү

Дата: 17:02, 30-05-2014.

«Бүгүн Курманжан датка паркында кымыз майрамы өткөрүлөт. Иш чара улуттук суусундукту пропагандалоо максатында уюштурдук. Акцияны уюштургандар жарандарга кымыздын дарылыгы тууралуу айтып беришет. Бүгүнкү иш чарада 200 ашык кишини кымыз менен сыйладык», - дейт уюштуруучулар.

Иш чара улуттук концерт менен коштолду.

«Мындай иш чара Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Эмки жылы бул иш чараны республика боюнча өткөргөнү жатабыз», - дейт уюштуруучулар.

Поделиться новостью: