КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 17:52 | 16 жетинин айы

Бишкекте салтка айланып калган «Георгий лентасы» атуу акция башталды

Дата: 15:20, 23-04-2014.


«Жаңы муундун согуш ардагерлерин эскерүү жана алардын жашоосунан кабардар болуусу бул жакшы жөрөлгө. Биздин милдетибиз - бул эстафетаны ар бир муунга өткөрүп берүү. Мен сыймыктануу менен айталам, биздин бирдиктүү аракетибиз ардагерлердин да жаштардын да жүрөгүндө сакталып калууда», - деп билдирди Орусиянын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько «Георгий лентасы» атуу акцияны ачуу учурунда.

Демилгечилер, бул жылы акцияны Бишкектин Свердлов райондук администрациянын алдында өткөрүштү. Иш чараны «Евразия изилдөө институту» өнүгүү фонду жана «Владимир коому»нун колдоосу менен уюштурулду.

Акцияга мектеп окуучулары, студенттер, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Поделиться новостью: