КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 3:50 | 24 аяк оона

Бишкектеги унаа токтоочу жайлар убактылуу акысыз болот

Дата: 11:26, 18-02-2014.

«Мэрия Бишкек шаарындагы баардык унаа токтоочу жайларды, атайын механизмдер иштелип чыккычакты акысыз кылууну демилгелеп жатат»,  - деп шаар башчысы кабарлады.

Анын сөзү боюнча, баардык токтоочу жайлар, мэрия тарабынан ижарага берилген унаа токтоочу жайларда убактылуу акысыз болууга тийиш.

«Эч бир мекеме, уюмдун унаа токтотуп коюудан акы талап кылууга укугу жок. Биз жайларды мыйзамдуу түрдө ижарага бердик, бирок ижарачы тарап субарендага берип, каражат таап жатат. Ошол эле маалда,  ал жердеги күзөтчү адам унаанын коопсуздугуна жооп бербейт», - деп Кулматов белгиледи.

Шаардык кеңештин депутаты Алмаз Кененбаев билдиргендей, шаардагы 48 муниципалдык унаа токточуу жайларынын 11 гана мыйзамдуу түрдө иш алып барат.

«Ал эми, 38 мыйзамды бузуу менен иштеп келет. Айрым жумушчулар иш берүүчү менен эч кандай келишими жок эле иштеп жаткандыгына күбө болдук. Күбөлүктөрдү каттоодо тизмеси жок, парковщикте печать да жокко эссе. Кызматтык инструкция болбойт ал жерде, эч кандай укук жана милдет жок»,  - деп Кененбаев кошумчалады.

Поделиться новостью: