КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 9:12 | 16 жетинин айы

Бишкектин башкы планы ачыкталды

Дата: 12:45, 16-12-2014.

Бишкек. 16-декабрь. КирТАГ – Айзура Чыкынова. Бишкектин башкы планы ачыкталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан дүйшөмбүдө билдирди.

«Бишкектиктер калктуу конуштардын бекитилген башкы планын шаар мэриясынын расмий сайтынан көрө алышат», - деп билдирди мекемеден.

Белгиленгендей, 2014-жылдын 7-июлунда кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын «Шаар куру жана архитектура жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамына кол койгон.

«Жогоруда айтылган мыйзамга ылайык, калктуу конуштардын бекитилген башкы пландары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайтарында жана алардын имараттарындагы баардыгына жеткиликтүү болгон жерлерде жарыяланышы керек», - деп билдирди мэриядан.

Поделиться новостью: