КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 12:37 | 26 аяк оона

Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарга тез өсүүчү дарактардын көчөттөрү отургузулат

Дата: 14:53, 22-05-2014.

«Тез өсүүчү дарактар бир жылда үч метрге чейин өсөт экен. Бул жарандарыбызга ынгайлуу шарт түзөт. Мындай дарактарды алгач жылаңач жаткан жаңы конуштарга отургузабыз», - деди шаар мэри.

Ал ошондой эле, «Жашылдандыруу» ишканасы долбоорду ишке ашырууга киришкенин айтты.

«Тез өсүүчү дарактардын көчөтүн алып келгенбиз. Бул жылы көчөттөрдү отургузуп, сынактан өткөрөбүз. Эгер баары биз ойлогондой болсо, эмки жылы жаңы конуштарга отургузууну баштайбыз», - деди Кулматов.

Сүрөт webcity-science.ru сайтынан алынган.

Поделиться новостью: