КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 1:34 | 22 аяк оона

Бишкектин жалпы бюджетинин 6%зы гана шаарды өнүктүрүүгө жумшалат - Кулматов

Дата: 15:24, 22-10-2014.

Бишкек. 22 октября. КирТАГ - Айзура Чыкынова. Бишкектин жалпы бюджетинин 6%зы гана шаарды өнүктүрүүгө жумшалат. Бул тууралуу Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов шаршемби күнү КирТАГ Эл аралык маалымат агенттигиндеги тегерек столдо билдирди.

«Шаардын өзүнүн көйгөйлөрү, оорчулуктары бар, бирок шаардын өз аракетинен тышкары – жарыгы, жолдору, таштандылары так көрсөтүлгөн позициясы бар. Башкаруу формасын борбордон ажыратуу, башкы милдеттердин бири. Экинчи маселе – бизге көбүрөөк каражат бере тургандай каржылоо маселесин чечүү. Жалпы суммадан алынып жаткан 6% шаарды өнүктүрүгө жетишсиз, бул бүтүндөй шаарды өнүктүрүүгө болжол менен 420 млн сом», - деди К. Кулматов.

Анын белгилөөсүндө, шаарды өнүктүрүү программасын каржылоо маселесин чечүү максатында мэрия өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

«Биз сурап жаткан шаарды өнүктүрүүгө тиешелүү суммадагы каражат керек экендигин өкмөт укту», - деп кошумчалады мэр.

Поделиться новостью: