КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 23:34 | 22 аяк оона

Бишкектин жолдорунда 3D-зебралар пайда болду

Дата: 10:11, 25-03-2014.

«3D-зебра №-67 мектептин жанында, Шопоков-Боконбаев көчөлөрүнүн кесилишине, №11-мектептин жаны Гогол-Московский жана Тыныстанова-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде (№-24 мектеп) пайда болду. Дагы бир 3D-зебра Балтагулова көчөсүндө пайда болду. Долбоордун негизги максаты - жол өтмөктөргө айдоочулардын көңүлүн буру болуп саналат. Айрыкча мектептерге жакын жайгашкан өтмөктөргө орнотулду. Бул 3D граффити жолго белги түшүрөт, ошондой эле окуу жайдын символун көрсөтүп турат», - дейт Б.Сатаева.

Анын сөзүнө караганда, бул долбоор өткөн жылдын июль айында башталган.

«Долбоорго окуу жайлар жана художниктер катышты», - деп белгилейт ал.

Сүрөт https://www.facebook.com/ZapchastiKG сайтынан алынган.

Поделиться новостью: