КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 20:41 | 21 аяк оона

Centerra Gold Inc иши иликтөөгө алынып жаткан менеджеринин Кыргызстанга жүрүүсүнө тыюуу салды

Дата: 15:56, 23-07-2014.

«Башкы прокуратура Centerra Gold Inc. иши боюнча, «Кумтор Голд Компани» тарабынан $200 млн мыйзамсыз которулганы тууралуу кылмыш ишин козгогон. Чечим (КирТАГ – акча которуу боюнча) КГКнын директорлор кеңешинин директору Дилгир Жапаров жана  Centerra Gold Inc директору Аткинсон жана «Кумтор Оперейтинг Компани»нин башкы директору Фишер тарабынан кабыл алынган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон», - деп маалымдады премьер-министр.

Ошондуктан Centerra Gold Inc биздин сунуш жана кепилдигибизге карабай, башкы менеджеринин Кыргызстанда жүрүүсүнө тыюуу салды», - деп түшүндүрдү өкмөт башчы.

Анын сөзүнө караганда, өкүм бир катар техникалык тоскоолдуктар карабай интернет жана телефон аркылуу жүргүзүлөт. Бирок өкүмдү жумушчу топ карап чыгат. Сентябрь айында Жогорку Кеңеште канадалык компания менен долбоор боюнча макулдашууга кол коюулат.

Поделиться новостью: