КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 14:57 | 23 аяк оона

Centerra Gold Inc үлүштөрдү бирдей бөлүштүрүү менен БИ түзүүгө макул болду – Мамытов

Дата: 17:14, 13-10-2014.

Бишкек. 13 октября. КирТАГ - Гулиза Чудубаева. Centerra Gold Inc дивиденддерди бирдей бөлүштүрүү менен бирдиктүү ишкана (БИ) түзүүгө макул болду. Бул тууралуу КирТАГга «Кыргызалтын» ААКнын президенти Токон Мамытов дүйшөмбүдө билдирди.

«Москвада Centerra Gold өкүлдөрү менен бирдиктүү ишкана түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду болуп өттү. Телемостко «Кыргызалтындын», өкмөттүн өкүлдөрү, эл аралык компаниянын юристтери жана Centerra Gold компаниясынын өкүлдөрү катышышкан. Мурда Кыргызстандын өкмөтү акционердик коом, ал эми канадалык тарап – жоопкерчилиги чектелген уюм түзүүнү сунуштап жаткан. Талкуунун жүрүшүндө Centerra Gold алдына ала акционердик коом түзүүгө макулдугун берген. АО түрүндө БИ түзүү Кыргызстандын кызыкчылыктарына жооп берет», - деп белгиледи Т. Мамытов.

Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алтын иштетүүдөн түшкөн кирешени бөлүштүрүү маселеси да талкууланган.

«Эгерде парламент тарабынан жактырылган 50\50 меморандумуна ылайык үлүштөрү менен ишкана түзүлө болсо, биз дивиденддерди бирдиктүү бөлүүгө макулдаштык, а бул $40-50 млн.го жакын», - деди Мамытов.

«Кумтөр» боюнча акыркы сүйлөшүүлөр октябрдын аягына пландалган.

«Жакын арада биз Бишкекте акыркы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландап, анда БИ түзүүгө байланышкан дагы башка маселелер чечилет», - деп билдирди Т. Мамытов.

Поделиться новостью: