КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 20:43 | 26 аяк оона

Чет элдик валюта агымы толугу менен токтотулган шартта да, Кыргызстандын алтын-валюталык запасы жарым жылга жетет - Улуттукбанк

Дата: 14:47, 18-12-2014.

Бишкек. 18-декабрь. КирТАГ – Бакыт Толканов. Чет элдик валюта агымы толугу менен токтотулган шартта да, Кыргызстандын алтын-валюталык запасы жарым жылга жетет. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бейшемби күнү маалымат жыйынында билдирди.

«Эл аралык каржы институттарынын стандарттарына ылайык, запастар 4 айга жетиши керек. Чет элдик валюта агымы толугу менен токтотулган шартта да, Кыргызстандын алтын-валюталык запасы жарым жылга жетет. Бул албетте гипотетикалык абал, доллар түшүп турат», - деди төрага.

Анын айтымында, чет элдик валютанын түшүүсүн камсыздоо үчүн, экспортту кеңейтүү зарыл.

«Эгемендүүлүк алгандан бери, дээрлик дайыма оң жактуу төлөм балансы болгондуктан Улуттук банктын запастары өсүп турган», - деп кошумчалады ал.

Учурда Кыргызстандын алтын-валюталык запасы $1 млрд 920 млн түзөт, жыл башынан тарта ал өткөн жылдын башталышына салыштырмалуу $318 млн.го кыскарган. Бул жылы $364 млн өлчөмүндө 42 валюталык интервенция жүргүзүлгөн.

Поделиться новостью: