КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 0:49 | 19 жетинин айы

Чолпон-Атада I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өттү

Дата: 13:14, 10-09-2014.

Чолпон-Атанын ат-майданындагы укмуш шоу 7 миңден ашуун көрүүчүлөрдү чогултту. Уюштуруучулардын ойюу боюнча, 9 сентябрдагы Чолпон-Атанын ат-майданындагы ачылыш аземи 3D калыбында өттү. Мындай калыптагы жана өлчөмдөгү үлгүлөрдүн өткөрүшү Кыргызстанда болгон эмес. Анын жаратуусуна чет өлкөлүк адистер тартылган.

Ачылыш аземинин көрсөтүүсү 14 аракеттен туруп, анын ар бирөөсү көчмөн элинин тарыхын көчмөндөр коом деңгээлинин жаралуусунан жана гүлдөөсүнөн баштап азыркы учурга чейин көрсөтүлгөн. Ар бир аракет музыкалык үндөшү, көрмө катары жана массалык театралдуу көргөзүүлөр менен коштолгон.  

Эске салсак, Кыргызстан биринчи болуп Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өз өлкөнүн аймагында өткөрүүсүнө укук алды, себеби бул өтө сейрек учуроочу этникалык спорт жана туристтик долбоор Кыргыз Респубикасынын президенти Алмазбек Атамбаев менен көтөрүлгөн жана Түрк кеңешинин колодоосун алган.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 350дөн ашуун спортчулар катышып, алардын ичинен 250гө жакыны  - чет өлкөлүктөр.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорттун 9 түрүнөн өтүп, 14 сентябрга чейин узарат. Спорт чараларынан тышкары меймандарды өтө сейрек учуроочу этникалык маданий программасы күтүп турат. Бүт чараларга кирүү акысыз.


Ачылыш аземиндеги сүрөт репортажды  Галерея бөлүмүндө көрө аласыз.

Сүрөт gov.kg сайтынан алынган.

Поделиться новостью: