КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 7:30 | 18 жетинин айы

Депутаттар гомосексуалдык мамилеге үгүттөгөндөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылууда

Дата: 14:12, 16-04-2014.

Мыйзам долбоорунда, ачык жана жабык түрдө гомосексуалдыкка үндөгөн жана маалымат тараткан юридикалык жана жеке жактар кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартуу сунушталат.

ММКна гомосексуалдыкка тиешелүү болгон фото, видео, ачык жана жабык түрдө бир жыныстуулукка үгүттөгөн материалдарды таратууга чектөө киргизүү сунушталды.

Мыйзам демилгечилери документ мыйзамдуу түрдө ишке киргенден кийин, гомосексуалдык үгүтөөнүн алдын алат, жана бир жыныстуу мамиленин популярдуу болуп кетүүсүнө жол бербейт. Айрыкча жашы жете электердин арасында бул түрдүү мамиленин жайылып кетүүсүнүн алдын алат деп ишенет.

«Документ кыргыз коомун коргоого багытталган, улуттук каада-салттар,үйбүлөлүк баалулуктарды коргоо арналган. Кыргыз коомчулугу бул демилгени колдойт деп ишенебиз», - деп жазылат документе.



Сүрөт novostey.com сайтынан алынган.

Поделиться новостью: