КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 4:45 | 24 аяк оона

Электр энергияга болгон баа жогорулайт

Дата: 16:29, 19-03-2014.

«Электр энеригяга болгон баа жогорулайт. Энергетикалык өнүгүү, оңдоо жана модернизация иштерине каражат жетишпей жатат», - деп билдирет башкармалыктан.

Эске сала кетсек, экономика министрлиги Бүткүл дүйнөлүк банк менен 2012 жылдын аягында кыска текшерүү жүргүзгөндө «Акыркы үч жылдан бери тарифтер дээрлик көтөрүлгөн эмес. Тескерисинче төмөндөгөн. Муну менен бул тармакты мобилизациялоодо каражат жетишсиздиги келип чыгууда», - деп маалымат тараткан эле.

Ошондой эле Дүйнөлүк банк, «Энергетикалык өсүү өлкөнүн экономикалык жактан кубатуу болушуна алып келет. Аны үчүн өнүгүү үчүн керектүү каражатты чогултуу керек болот. Ансыз өлкөдө экономикалык өсүү болушу мүмкүн эмес», - деп кабарлайт.

Энергетика министрлиги маалымдагандай, Кыргызстан энерго коромжулуктан ар бир кВт/саатан 0,46 сомго чейин зыян тартууда. Башкармалыктын эсеби боюнча 2013-жылы өздүк басы 1 кВт/сааты 1,24 сомду түзгөн электр энергияга 0,88 сом өлчөмүндө орточо тарифтик баа коюлган. Өткөн жылы ар бир кВт/саттан 36 тыйынга чейин зыян тарткан. 2014-жылдын алдын ала божомолуна карата бул энергиянын өздүк баасы 1,34 сомду түзөөрү айтылууда. Бул тарифтик чен боюнча ар бир кВт/сааттан 46 тыйынга чейин энергетика тармагы зыянга учурайт.

Сүрөт u.tsn.ua сайтынан алынган.

Поделиться новостью: