КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 8:21 | 17 жетинин айы

Италиялыктардын кыргыз кийизине болгон кызыгуусу күч алды

Дата: 11:07, 14-10-2014.

Бишкек. 14-октябрь. КирТАГ - Бакыт Толканов. Кыргыз кийизи италия модасынын жаңы трендине айланышы мүмкүн. Бул тууралуу КирТАГга «Кыргыз Республикасында сооданы илгерилетүү» программасынын координатору Асель Тойбеков шейшембиде билдирди.

«Жергиликтүү продукцияга болгон кызыкчылык бар, Европада жана АКШда дагы. Эми улуттук кийизге Италия тарап да кызыга баштады. Миландык көргөзмөнүн өкүлдөрү биздин мастерлерди жана өндүрүүчүлөрдү атайын Италияга чакырышкан. Италиялыктар жибек колдонулган кийиз буйумдарга, алар – шарфтар, айымдар колдонуучу буюмдар, шляпа жана сумкаларга кызыгып жатышат. Италияда дайыма модага көңүл бөлүп келишкен», - деди А. Тойбекова.

Анын айтымында, чет жактарда биздин шырдактар да абдан белгилүү. «Биздин кол өнөрчүлүк продукциябызга монголдук, непалдык жана кытайлык өндүрүүчүлөр атаандаштык кылып жатышат, бирок кытайлыктар жасалма кийизди колдонушат», - деп белгиледи А. Тойбекова.
Анын байкоосунда, жергиликтүү кол өнөрчүлүк продукциясынын экспортуна көңүл бөлүнбөй келет. Өндүрүүчүлөр өз продукциясын өздөрү экспорттоп, ар кандай көргөзмө жана соода жарманкелерине чыгып катышып жүрүшөт.

Поделиться новостью: