КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 18:29 | 16 жетинин айы

Күрөөканалар балдарды да күрөөгө ала баштады

Дата: 15:32, 14-03-2014.

Анын сөзүнө караганда Улуттук банк жана каржы министрлиги күрөөканалардын ишин көзөмөлдөбөйт. Мыйзамга ылайык күрөөканалар алтын буюмдарды жана башка техникаларды гана күрөөгө ала алышат. Негизинен күрөөгө кыймылсыз мүлктүн документтери гана берилет.

«Түштүк аймакта күрөөканалар ээлери такыр эле чектен чыгып кетишти. Алар ата-энелер карыздарын кайрып бермейинче балдарын күрөөгө кармап отурушат экен», - деп тынчсызданат Д Назаркулова.

«Алардын юридикалык каттоо жайларында жана мамлекеттик каттоо кызматында өз кишилери бар. Алар үйдүн ээсинин уруксатысыз эле эч кыйынчылыксыз үй же унааларды өзүлөрүнө өткөрүп алууда. 7 миң сомдон 15 миң сомго патент сатып алып эле миллиардаган акчаларды айлантып жатышат», - дейт ал.

Карыз алуучулар комитетинин өкүлү белгилгендей учурда күрөөуканалардын жылдык пайыздык чени 160-180 пайызды түзүүдө.

«Бизде мыйзам деген такыр иштебейт. Доллар менен кредитти жеке жактар алып жатабы же банктар алып жатабы анын менен эч кимдин иши жок. Мына көрүп жатасыңар ушинтип эле доллардын курсу өсүп жатат. Биз Улуттук Банкка кайрылабыз, күрөөканалар жана микрокреддиттик компаниялар мыйзамга ылайык белгиленген салыкты төлөсүн» - деп кошумчалады Д. Назаркулова.

«Биз жакында эле Ысык-Көл облусуна барып, ал жакта иштеп жаткан  күрөөканалардын ишмердүүлүгү менен таанышып келдик. Башаламан бир да тартип жок. Паспорт, үйдүн унанын документтери күрөөдө жатат. Сотто ызы чуу чыгып канча адам жүрөт. Мисалы, Барскоондо энеси акчаны убагында кайтарып бере албагандыгы үчүн карыз берген адам анын кызын зордуктого чейин барган», - деп сөзүн жыйынытыктады Карыз алуучулар текомитетинин төрагасы.

Поделиться новостью: