КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 15:28 | 16 жетинин айы

Кийизден жасалган кыргыз буюмдары Швейцариянын жана Норвегия элинин кызыгуусун жаратты

Дата: 14:35, 04-12-2014.

Бишкек. 4-декабрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Миландагы көргөзмөгө коюлган кийизден жасалган кыргыз буюмдары Швейцариянын жана Норвегия элинин кызыгуусун жаратты. Бул тууралуу КирТАГга GIZ өкүлү Азамат Мукашев билдирди.

«29-ноябрдан 3-октябрга чейин Милан (Италия) шаарында дүйнөнүн 110 өлкөсүнүн элдик кол өнөрчүлөрүнүн жарманкеси болуп өттү. Кыргызстандын атынан фестивалдын жеңүүчүлөрү «Кыргыз шырдагы» жана Арт группа «Тумар» барган. Түндүк Италия, Норвегия, Швеция жана Швейцариянун тургундары кийизден жасалган буюмдарга болгон кызыгуусу байкалды», - деди А. Мукашев.

Анын айтымында, көргөзмөгө кийизден жасалган жеңил бут кийим, ар түрдүү көлөмдөгү шырдактар, азем буюмдар, жасалгалар коюлган.

Поделиться новостью: