КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 16:04 | 24 аяк оона

Өкмөт электр кубатынын жаңы тарифтерин иштеп чыгууда

Дата: 15:47, 14-10-2014.

Бишкек. 14 октября. КирТАГ - Гулиза Чудубаева. Кыргызстандын өкмөтү электр кубатынын жаңы тарифтерин иштеп чыгууда. Бул тууралуу журналисттерге өкмөт аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекс жана жер кыртышын колдонуу бөлүмүнүн жетекчиси Туратбек Жунушалиев шейшембиде билдирди.
«Керектөөгө карап электр кубатынын жаңы тарифтерин бекитүү сунушталууда: айына 700 кВтс керектелсе – 70 тыйындан, андан жогору болсо – 1,2 сомдон. Бир фазадагылар жана үч фазадагылар деп бөлүү болбойт», - деди чиновник.

Анын сөзү боюнча, учурда департамент тарабынан жаңы тарифтик саясаттын акыркы үлгүсү иштелүүдө. Бүгүн, долбоорду коомдук талкууга алуу үчүн өкмөттүн сайтына жарыялануусу күтүлүүдө.

«Мурдагы тарифтер электр кубатынын тартыштыгы 1,5 млдр кВтс түзүп турганда бекитилген, учурда болсо тартыштык – 2,4 млрд. Иштеп жаткан тарифтик стратегия жетишсиз экендиги байкалды», - деп белгиледи ал.



#энергетика#киртаг#жаңылык#кыргызстан

Поделиться новостью: