КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 19:32 | 19 жетинин айы

Коррупциянын айынан энерго сектордогу долбоор жабылды

Дата: 14:30, 25-02-2014.

«Кыргызстанда Дүйнөлүк Банктын 3 долбоору натыйжасыз деп табылып, жабылууга дуушар болгон», -  дейт Жолдошева.

Ал долбоорлор: энергетика, мал-чарбачылыгын өнүктүрүү жана казына системасын автоматташтырууга өткөрүүгө жардамт көрсөтүү жаатындагы программалар болчу. «Энергетика тармагындагы долбоорду ишке ашырууга коррупция түрткү болду. Ошол учун токтотулду» дейт Дүйнөлүк Банктын өкүлү. Анын айтымында, казынаны автоматташтырылган системага өткөрүү жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү долбоорлору болсо ийгиликсиз деп табылды. Белгилей кетсек, Дүйнөлүк Банк 20 жыл аралыгында Кыргызстанда 52 долбоорду каржылаган. Каржылоо суммасы $1,1 млрд.

Поделиться новостью: