КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 3:45 | 21 тогуздун айы

КТРК көзү ачыктар жөнүндөгү программасын көрсөтүүнү токтотту

Дата: 15:00, 20-02-2014.

«Бүгүн эртең менен, интернетте пайда болгон үн жазуулар боюнча каналдын жетекчилиги чукул коллегияга чогулган. Үн жазууда Даана аттуу айым «Аалам сырлары» берүүсүнүн катышуучусунан акча талап кылгандыгы баяндалат. Жыйындын сонунда программага карата ишенимдин жоголгондугун эске алып, бул берүүнү даярдоого катышкан баардык кызматкрелерди окуяны иликтеп бүткүчөктү иштен четтетүү чечими кабыл алынды», - деп КТРК билдирет.

Баардык материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлөт.

«Ал эми, Даана айттуу айым үн жазылмадагы КТРКнын кызматкери эмес жана ал менен укуктук-эмгек келишимдерин аткарбайт», - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, «Аалам сырлары» бул Россиянын ТНТ теле каналанында ийгилик жаратып келе жаткан «Битва экстрасенсов» берүүсүнүн аналогу.

Поделиться новостью: