КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 11:29 | 24 аяк оона

Кумтөрдү улутташтыруу же түзүмүн өзгөртүү Оторбаевдин өкмөтүн отставкадан арачалайт

Дата: 14:11, 16-12-2014.

Бишкек. 16-декабрь. КирТАГ -  Алексей Романов.  Кумтөрдү улутташтыруу же түзүмүн өзгөртүү Жоомарт Оторбаевдин өкмөтүн Жаңы жыл алдындагы отставкадан арачалайт. Бул тууралуу КирТАГга КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди.

«Парламенте бүткүл өкмөттү кызматтан алуу тууралуу сөз болуп жатат. Бул, өкмөттүн алдында Кумтөр маселеси боюнча милдетти өз мойнуна алуу жана чекит коюу милдети тургандыгы. Биздин күткөнүбүз, алар жок дегенде эки вариантты иштеп чыкса, биринчи – объекттин түзүмүн өзгөртүп, үлүшүн тең бөлүү менен кыргыз-канада компаниясын түзүү, же болбосо улутташтыруу. Эгерде маселе мындай жол менен чечиле турган болсо, бул өкмөткө ишеним артууга болот», - деди фракция лидери.

«Жакын арада бул маселени өкмөт алдына дагы бир ирет койобуз. Эгерде өкмөт өлкө үчүн чоң мааниге ээ болгон башкы милдетти аткара албаса, албетте мындай өкмөттүн келечеги жок, жана алмаштыруу сөзсүз болот», - деп кошумчалады Турсунбеков.

Мурда маалымдалгандай, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мүлкүн улутташтыруу жөнүндө» мыйзам долбоорун демилгелеген. Ал эми, КР өкмөтү «Кумтөр» долбоорунун мындан ары иштөөсүнүн шарттары боюнча канадалык компания менен сүйлөшүүлөрдү улантууда.

Өз кезегинде КР президенти Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын 1-декабрында кыргыз телеканалдарына берген интервьюсунда, «Кыргызстан «Кумтөр» БИ түзүү мезгилин колдон чыгарып алды, эми бир гана жол бар – улутташтыруу», - деп айткан.

Поделиться новостью: