КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 14:35 | 26 аяк оона

«Курманжан датка» көркөм тасмасы Нью-Йоркто көрсөтүлөт

Дата: 10:25, 07-10-2014.


Бишкек. 7-октябрь. КирТАГ - Мунара Боромбаева. «Курманжан датка» көркөм тасмасы Нью-Йоркто көрсөтүлөт. Бул тууралуу «Айтыш фильм» фондунун пресс-катчысы Чолпон Идрисова шейшембиде билдирди.

Анын айтымында, «Курманжан датка» фильми үстүбүздөгү жылдын 11-14-октябрында Нью-Йоркто өтө турган III Евразиялык Эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөт.

Белгиленгендей, NEW YORK EURASIAN FILM FESTIVAL Евразия өлкөлөрүнөн алынган фильмдерди көрсөтүүчү эң ири фестиваль. Фестивалдын башкы максаты – Евразиянын маданий мурасын жана кинематографиясынын заманбап тенденциясын дүйнөлүк коомчулукка сунуштоо.

Эсекрте кетсек, фильм Улуу Жибек-Жолунун өлкөлөрүнүн ЭКФна катышууга тандалып алынган. Фестиваль 20-24-октябрь аралыгында кытайлык Сиань провинциясында өтөт.



#коомчулук#киртаг#жаңылык#кыргызстан

Поделиться новостью: