КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 14:57 | 25 аяк оона

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Дата: 14:36, 02-06-2016.

Бишкек. 2-июнь. КирТАГ - Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2016-жылы 21-апрелде кабыл алган.

Бул Мыйзамды кабыл алуу зарылдыгы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын мазмунунан келип чыкты.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы кодекстин мыйзамга караганда көбүрөк юридикалык күчкө ээ экендигине байланышкан. Мыйзамдардын ченемдери кодекстердин ченемдерине дал келбей калган учурларда кодекстерге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин гана колдонулат.

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн башка жол-жоболорун карайт. Ушуга байланыштуу карама-каршылыктарды жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине тийиштүү оңдоолор киргизилди.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.

Поделиться новостью: