КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 9:25 | 17 жетинин айы

Кыргыз дарыгерлери онкологиялык илдеттерди козгоочу витаминдердин көзөмөлсүз эле берилип жаткандыгына тынчсызданууда

Дата: 18:26, 26-02-2014.

«Кыргызстанда жана бир катар КМШ өлкөлөрүндө Е витамини кош бойлуу айымдар арасында кеңири колдонулат. Е витаминин мен негизинен кош бойлуу айымдарга сунуштайм эгер алардын ден-соолугунда кандайдыр бир муктаждык жаралса. Аны көп колдонгонубуздун себеби, эч кандай терс натыйжа берген эмес», - дейт дарыгер.

Бирок, акыркы күндөрү Е витаминин колдонууга өзгөртүүлөр киргизилди. Мурда баардык кош бойлуу айымдарга сунуштап келсек, Бишкек шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Жипара Килебаева башкача ойду айтып чыкты.

«Буга чейин биз Е витаминин каалагандай сунуштап келдик. Андан эч кандай пайда болбогондугуна ынанган соң, аны башка комплекстүү витаминдер менен чогуу берип келүүдөбүз. Азыр мен өз ишимде Е витаминин киста жана башка илдети бар кыз-келиндерге гана сунуштайм», -  дейт дарыгер.

Гетерборг университетинин окумуштуулары Е витаминин жана N-ацетилцистеин антиоксиданты көп колдонуу өпкө рагын пайда кыла тургандыгын ырасташты.

«Экпериментти окумуштуулар чычканда жүргүзгөн. Алар жандыка N-ацетилцистеин беришкен жана шишикти токтотот деп божомолдошкон. Бирок, жыйынтык тескери чыкты. Анткени, N-ацетилцистеинди бейтаптан аз алган жандыктарда өпкө рагы көп кездешкен. Ошондой эле, шишиги тездик менен өрчүгөн, жашоо мөөнөтү эки эссе кыскарган. Окумуштуулар ушундай эле экспериментти Е витаминине жасап көрүшкөн жана окшош эле жыйынтыка күбө болушкан», - деп жазат MedPortal.

Белгилей кетсек, Е витаминин түйүлдүктү пайда болушу жана кош бойлуулук убагында дарыгерлер сунуштайт. Ал кош бойлуулукту колдойт деп сыпатталат. Мындан тышкары, витамин Е-тороферол деп да айтылат.

Дарыгерлердин айтымында, бул көп жылдан бери тажрыйбада өтүп, жакшы натыйжа берген. Ал айымдардын жана мырзалардын репродуктивдүү органдарына жакшы таасир берет. Ошондуктан, Е витамини кош бойлуу айымдын баарына сунушталат. Эми окумуштуулар бета-каротин жана Е,С витаминдеринин онкологиялык илдеттерди өрчүтөт деген таасирин изилдеп чыгышат.

Поделиться новостью: