КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 12:19 | 26 аяк оона

Кыргыз-казак чек араларын демаркациялоо келишимине 2014-жылдын экинчи жарамында кол коюлат

Дата: 14:26, 22-01-2014.

Бишкек. 21-январь. КирТАГ - Калия Дуйшебаева.Кыргызстан менен Казакстан ушул жылдын экинчи  жарымында чек араларды демаркациялоо   боюнча  келишимге кол  коёт.  Бул  туурасында КирТАГка чекараларды делимитациялоо    маселе  боюнча өкмөттүн    атайын   өкүлү  Курбанбай Искандаров  билдирди.

«Казакстан  менен  чек  араларды  делимитациялоо  иштери  аягына  чыккан.   Ушул  жылы  биз  демаркация процесстерин  жыйынтыктоону  пландап  жатабыз.  Азыр  «Быстроток» каналы  боюнча  гана маселе  бар.  Азыр  ал  аймака  калын  кар  түшүп,  баралбай жатабыз. Кар кетери менен  биргелешкен  комиссия  барып,  ишти  соңуна чыгарып  келет.  Чек араларды  демаркация келишимине кайсыл  күнү  кол  коюларын  мен  азыр так айта албаймын,  бул иш-чара  2014-жылдын  экинчи  жарымында  орун  алышы   мүмкүн», - деп  белгилейт К.Искандаров

Белгилей кетсек,  2013-жылдын  7-июлунда  Талас облусунун  Кара-Буура районунун  Кайнар  айлынын  тургундары  тарабынан  чек арадагы «Быстроток»  каналы тосулган.  Калктын   мындай кадамынан  киийн   Казакстандын  Жамбыл облусунун  Жуалы  районундагы фермерлер эле эмес   кыргыз айылдары  да   бир  апта  суусуз  калышкан.   Алар   чек арадагы суу ресурстарын  биргелешип колдонуу  боюнча  жетишилген  келишимге  жана  эл  аралык ченемдерди  бузууга барышты.  «Быстроток»  каналынан  коңшу  өлкөнүн  Жамбыл облусундагы 4 мин  гектар  айдоо  аянты суугат сууларын алат.


Сүрөт kloop.kg сайтынан алынган.

Поделиться новостью: