КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 17:38 | 19 жетинин айы

Кыргыз өкмөтү 48 өнүмдүн түрүнө бажы ченинин өлчөмүн жокко чыгарууну көздөйт.

Дата: 15:22, 26-02-2014.

Негизинен мыйзам 48 товар өнүмдүн түрүнө: шире өндүрүүчүлөрдүн сырьёсу, кондитердик майдын айрым түрлөрүнө, кездеме, эмерек жасалуучу кээ бир материалдарга, курулушта колдонулуучу айрым жабдыктарга бажы өлчөмү жокко чыгарылат.

«Эмерек продукциясын өндүргөн союз өкүлдөрүнүн сунушу боюнча 19 субпозицияга эмерек жасоодо талап кылынган сырьёго бажы ченемин нөлгө түшүрүү каралган», -  деп айтылат документте.

Экономика министрлиги маалымдагандай, учурда жогоруда айтылган товар түрүнө бажы ченемдери 5%-10%га чейин шартуу түрдө кыскартылган. Эми мекемелер кошумча материалдарды алып келип, өндүрүш көлөмүн көбөйтсө болот.

Мындан тышкары пальма майын айрым түрлөрүн алып келүүгө киргизилген 5% төлөмдү да жок кылууну сунушталууда.

«Төлөмдү алып таштоого кыргыз-малазия ортосунда жетишилген макулдашуу негиз болууда. Анткени, Кыргызстанда дистрибьютердик борбор ачылып, анда пальма майы башка өлкөгө экспорттолот», -  деп айтылат билдирүүдө.

Экономика министрлиги билдиргендей, ата-мекендик өндүрүшчүлөрдүн чыгымдарын кыскартмак. Анын натыйжасында даяр продукцияга баа арзандамак жана ички, сырткы рынокто атаандаштыкты жарата алмак. Ал эми айрым товар түрлөрүнө бажы ченемдерин жогорулатууну көздөөдө, мисалы, жумуртка, цемент.

Сүрөт world-logistics.net сайтынан алынган.

Поделиться новостью: