КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 21:36 | 21 аяк оона

Кыргыз тилин мыкты өздөштүргөн Яна Токарева токтоосуз 20 жаңылмачты айта алат

Дата: 16:04, 29-01-2014.

Я.Токарева өзү маалымдагандай, ал кыргыз тилин бала кезинде эле өздөштүргөн.

«Мен Жети-Өгуз районунун Липенка айылында төрөлгөм. Апам кыргыз, атам орус. Мени көбүнчө чон энем тарбиялаган. Ал мени түш жоруганды жана жанылмачтарды жаттаганды үйрөттү», - дейт Токарева.

Анын айтымында, ал мектепте Нооруз майрамына карата өтүүчү майрамдарда дайыма алып баруучу болуп, кыргыз тилинде сүйлөчү.

Студент кыз кыргыз тилинен тышкары түрк жана англис тилдерин да мыкты билет.

«Мен кыргыз тилин үйрөнүүгө болгон аракеттимден кайтпаймын жана жаштарды үндөп кетет элем. Бирок, милдеттүү түрдө эмес, өз калоолору менен тилди үйрөнүүсү абзел. Анткени, мен өз досторумдан көп угам «Сен кыргыз болуп алып, тилди билбейсин деп», анан албетте алар тил үйрөнүүдөн баш тартышат. Жаштарды тил үйрөнүүгө кызыктыруу керек», -  дейт Яна Токарева.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда орус улутундагы белгилүү инсандар арасында кыргыз тилин мыкты сүйлөгөндөр Кыргыз эл артисти Юрий Бобков жана экс-премьер-министр Александр Костюк.

Поделиться новостью: