КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 23:08 | 22 аяк оона

Кыргызстадын түштүгүндө эмгек мигранттары которгон каражаттын басымдуу бөлүгү үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүгө жумшалат

Дата: 13:56, 08-10-2014.

Бишкек. 8-октябрь. КирТАГ - Бакыт Толканов. Кыргызстадын түштүгүндө эмгек мигранттары которгон каражаттын басымдуу бөлүгү үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүгө жумшалат. Бул тууралуу КирТАГга «Жер азыгы» агроишкерлерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Азиза Юлдашева шаршембиде билдирди.

«Эмгек мигранттары которгон каражаттардын көп бөлүгү күнүмдүк керектөөлөргө, кийим-кече сатып алууга сарпталат. Ошондой эле которулуп келген акчанын басымдуу бөлүгү той, аш, куран окутуу сыяктуу иш чараларга жумшалат. Мындай чыгымдар жылдан жылга өсүүдө», - деди А. Юлдашева.

Анын айтымында, үйлөнүү үлпөттөрүнө өтө көп суммадагы акча сарпталууда, аларды кыскартса деле болот.

«Лимузинди $300 жана джип унааларына $100 беришип ижарага алышат, бул акчаны жаштарга берип койсо пайдалуураак болмок. Ал эми эмгек мигранттары тапкан каражаттын аз гана бөлүгү инвестицияланат, негизинен малчылыкка жумшалат», - деп кошумчалады ал.

Поделиться новостью: