КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 2:34 | 22 аяк оона

Кыргызстан 5 май Конституция күнүн акыркы жолу белгилеши мүмкүн

Дата: 11:09, 06-05-2014.

Ушул күнгө чейин 5 майда кабыл алынган баш мыйзамга беш жолу (2003 жыл февраль, 2006 жыл ноябрь, 2006 жыл декабрь, 2007 жыл октябрь, 2010 жыл июнь) өзгөртүү жана толуктоолор киргизилген.

2010 жылы 27 июнда Конституциянын жаңы редакциясынын кабыл алуу үчүн элдик референдум өткөрүлгөн. Рефернедумдан кийин, 2010 жылдын 10 октябрында парламенттик шайлоо өтүп, Кыргызстан Орто Азиядагы жалгыз парламентик өлкө болуп калды.

Бирок КРнын Конституция күнүн белгилөө 5 май (документтин биринчи кабыл алынган күнү) боюнча калып калды.

Белгилей кетсек, ушул жылдын аягында КРнын парламенти жана өкмөтү эмгек кодексин тартипке келтирүү үчүн 23 февраль, 5 май жана 7 ноябрь майрамдарын жокко чыгарууну сунуштаган.

Өкмөттүн аталган долбоорго ылайык 2013 жылдын 31 декабрындагы токтом кабыл алып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберген.

Документте, акыркы жылдары баш мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенине байланыштуу 5 май Конституция күнү актуалдыгын жоготсун деп жазылган.

Бирок, жыйынтыктоочу чечим азырынча кабыл алына элек. Кыргызстан май майрамдарын мурункудай эле белгилеп келе жатат. Эмгек министри азырынча 5 май майрам, эс алуу күнү болуп калаарын маалымдаган.

Поделиться новостью: