КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 11:10 | 24 аяк оона

Кыргызстан бүгүн так убакыттын эталонун чыгарат

Дата: 10:37, 20-03-2014.

Так убакытты көрсөткөн саат экономика министрлигин залына орнотулду – деп кабаралайт башкармалыктан. Таблонун расмий ачылышы экиномика министри Темир Сариев жана Туркиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Метин Кылычтын катышуусуменен өттү.

«Убакытты так көрсөтүүчү эталондук система»  Кыргыз Республикасына ТуркиянынУлуттук метрология институтунун илимий-техникаларды изилдөө кеңешмеси тарабынан берилди.

Түркиялыктар кыргыз кенсиптештерине эталон менен иштөө жолдорун үйрөтүштү.

Эксперттердин айтымында, убакыт эталону стратегиялык мааниге ээ. Убакыттын улуттук эталону өлкө боюнча бирдиктүү убакытты аныктап, көрсөтүп турат. Кыргызстандын улуттук жана экономикалык копсуздугунда маанилүү ролду ойнойт. Убакыт эталону өлкө боюнча убакытты бирдиктүү бир системага салат.

Поделиться новостью: