КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 14:34 | 26 аяк оона

Кыргызстан Бажы биримдигине адаптация болуу үчүн Казакстандан $177 жардам алуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүдө

Дата: 15:41, 16-06-2014.

«Кыргызстандын ББга кирүү тууралуу макулдашууда атайын кор түзүү каралган. Бул кордон бизге $1 млрд каралган. Ошондой эле Казакстан менен да ушундай макулдашууларга кол коюулду. $377 млн кайтарымсыз жардамдын $200 Орусия берген. Калган акчаны Казакстандан сурап жатабыз», - деп маалымдады Т. Сариев.

Министр, кыргыз тараптан көтөрүлгөн экинчи суроого, уставдык капиталы $100 млн болгон кыргыз-казак инвестфондунунун ишин жөнөкөйлөтүү керек деп жооп берди.

«Анын ишин жөнөкөйлөтүү керек, антпесе ал акчаны алуу кыйын болуп калат. Добоордун $5 млн сому мүлктү күрөөгө коюуу шарты менен берилген. Биз алардан жеңилдиктерди суранып, $1 млн төмөндөткөнү жатабыз», - деп түшүндүрдү Т. Сариев.

Анын сөзүнө караганда, бул каражаттар Казакстандан микрофинансылык каржылоо жолу менен берилет.

Поделиться новостью: