КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 9:37 | 19 жетинин айы

Кыргызстан парламенти алтынды жана күмүштү экспортоодо 5% акциз салыгын киргизүүнү сунуштоодо

Дата: 17:06, 12-02-2014.

«Мыйзам долбоорунда алтынды жана күмүштү экспортоодо жана тазаланган күмүш, алтынга 5% акциз салыгын киргизүү сунушталат», - деп жазылган мыйзам долбоорунун негиздемесинде. Документте белгиленгендей, бүгүнкү күндө дүйнөлүк рынокто алтындын орточо баасы унцийине $1миң 270 турат. « Мындай шартта тийиштүү өзгөртүүлөргө ылайык, жуулган, тазаланган жана эритилген күмүш, алтындын экспортун акциздик товарларга киргизүү каралууда», - деп айтылат маалыматта. 5% акциздик салык киргизүү мамлекеттин бюджетине кошумча жылда $30 млн келмек. «Кыргызстанда жылда 18 тонна алтын өндүрүлүп, бирок анын 3,3% гана жергиликтүү зергерлер тарабынан иштетилсе, калган бөлүгү толугу менен сыртка чыгып, башка жакта кайра иштетилет», - деп айтылат документте. Анда маалымдалгандай, учурдагы Кыргызстандагы алтын өндүргөн негизги компания Кумтөр салык төлөмдөрүнөн бошотулган. «Кумтөр Оперейтинг компани» компаниясынан алынган салык жалпы салык режимдеринен айрымаланат, атайын салык режими колдонулат, ал салык жана бажы мыйзамдарында каралган тартипке ылайык компанияны көп салыктан бошотот. «Андыктан алтынды жана күмүштү экспортоодо жана тазаланган күмүш, алтынга 5% акциз салыгын киргизүү мамлекеттин бюджетти кыйла толуктамак», - деп айтылат документте.

Поделиться новостью: