КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 15:40 | 16 жетинин айы

Кыргызстанда 5-июль эс алуу күнү болот

Дата: 12:26, 28-06-2016.

Бишкек. 28-июнь. КирТАГ - Кыргызстанда 5-июль иштебеген, эс алуу күнү болот. Бул тууралуу КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

«КР өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралдагы токтомуна ылайык, жыл сайын ай жылнаамасы боюнча аныкталуучу «Орозо айт» жана «Курман айт» майрамдары эс алуу күнү болуп эсептелинет», - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Орозо айт майрамын 5-июлга белгиледи.

Поделиться новостью: