КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 15:50 | 25 аяк оона

Кыргызстанда балдардын саны 3%га жогорулап, 2,2 миллиондон ашты

Дата: 16:23, 02-06-2016.

Бишкек. 2-июнь. КирТАГ – 2016-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасында жашап жаткан 18 жашка чейинки балдардын саны 2 млн 212ни түзгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу балдардын саны 58 миңге, б.а. 3%га өскөн. Бул тууралуу КР Улуттук статистика комитети шаршемби күнү билдирди.

Жалпысынан алганда 47%зын 7 жашка чейинки балдар түзөт – 1 млн 44 миң. Балдардын 69%зы айыл жергесинде жашашат.

Өлкөдө балдардын төрөлүүсүнүн тенденциясы сакталууда. 2015-жылы 163,4 миң бала жарык дүйнөгө келген (2014-жылга салыштырмалуу 1,6 миңге көп). Жылына кыздарга салыштырмалуу эркек балдар көбүрөөк төрөлүүдө. Алсак, 2015-жылы 78,8 миң кыз жана 84,6 миң эркек балдар төрөлгөн.

Поделиться новостью: