КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 8:49 | 17 жетинин айы

Кыргызстанда ИИМ түзүмүн кайрадан куруп жана бир катар көз карандысыз кызматтарды киргизүү сунушталды

Дата: 17:43, 04-07-2016.

Бишкек. 4-июль. КирТАГ – Айзура Чыкынова.  Кыргызстанда ИИМ түзүмүн кайрадан куруп жана бир катар көз карандысыз жаңы кызматтарды киргизүү сунушталды. Бул тууралуу КР коргонуу кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров дүйшөмбү күнү маалымат жыйынында билдирди.

«Ички иштер министрлигин биз кайрадан куруп чыгууну сунуштайбыз. Алдында бир катар көз карандысыз кызматтарды камтыган министрлик болот. Алсак, коомдук тартипти камсыздоо боюнча ИИМдин бир катар ыйгарым укуктары бириктирилген, коомдук коопсуздук боюнча кызматы. Экинчи – криминалдык милиция түзүүнү сунуштайбыз. Үчүнчү – экстремизм жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү боюнча кызмат. Кийинкиси – баңгизатын мыйзамсыз айландыруу менен күрөшүү кызматы жана тергөө кызматы. Мындан тышкары, коргонуу кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө кошумча өздүк коопсуздук кызматын киргизүү сунушталды», - деди Т. Жумакадыров.

Анын белгилөөсүндө,коррупциялык экономикалык маселелер менен алектенүүчү ИИМдин бешинчи башкы башкармалыгы ИИМден алынып, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка берилмекчи.

«Бул аракет, бизнести жана экономиканы коргоо үчүн таасирдүү курал иштеп чыгуу максатанды жасалды», - деп кошумчалады катчы.


Поделиться новостью: