КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 19:52 | 21 аяк оона

Кыргызстанда соттолгон кылмышкерлер "1 жылга $2 миң" тарифи менен жаза мөөнөтүн кыскарта алышат

Дата: 14:42, 15-06-2016.

Бишкек. 15-июнь. КирТАГ – Айша Чуштук. Кыргызстанда соттолгон кылмышкерлер 1 жылга $2 миң тарифи менен жаза мөөнөтүн кыскарта алышат. Бул тууралуу КР Кылмыш кодексинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобунун өкүлү Лейла Сыдыкова билдирди.

Депутаттарды кызыктырганы, абакта жаза мөөнөтүн өтөөдө 1 күн эки күн болуп эсептелинүүчү норманы алып таштоону сунуштаган жобо болду.

«Бул норма коррупциянын тамырын кыюуга багытталат. Биз 1/2 ге эмес, 1/1,5 кылууну сунуштадык. Бирок комитет жаза өтөө мөөнөтүн 1/1 эсептөөнү чечти. Бүгүнкү күндө бир кыскартылган жыл $2 миң экендиги эч кимге деле сыр эмес», - деди ал.

Бирок бул мыйзам долбоору боюнча депутаттардын пикири ар тараптуу болду. Парламент мыйзам долбоорун экинчи окуу тартибине кайтарды.

Поделиться новостью: