КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 19:32 | 19 жетинин айы

Кыргызстанда ВИЧ илдетине чалдыккандардын саны дээрлик эки эсеге өстү

Дата: 14:43, 13-06-2016.


Бишкек. 13-июнь. КирТАГ-Алтынай Алмаз кызы. ВИЧ илдетине чалдыккандардын расмий саны эки эсеге жогорулаган. Бул тууралуу ушул темада дүйшөмбү күнү Бишкекте болуп өткөн тегерек столдун жүрүшүндө маалым болду.

«Кыргызстан ВИЧ эпидемиясынын өсүш этабында турат жана дүйнө жөзү боюнча оору тез тараган мамлекеттердин катарына кирет. Алсак, 2010-жылдан бери расмий түрдө каттоого алынган ВИЧ-илдетинин учуру дээрлик эки эсеге өскөн. 2010-жылдыг 1-январына карата 2 миң 718 учур катталган болсо, өткөн жылдын 1-январында 5 миң 760га өскөн», - деп билдирди иш чаранын уюштуруучулары.

Белгилей кетчү жагдай, ВИЧ илдетине чалдыккан аялдардын саны 2,7 эсеге көбөйгөн.

Поделиться новостью: