КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 11:21 | 22 аяк оона

Кыргызстанда 10 кош бойлуу аялдан 7сү аборт жасатат

Дата: 14:31, 30-04-2014.

«Кыргызстанда 10 кош бойлуу аялдан 7сү аборт жасатат» - деп маалымдады ал.

Анын сөзүнө караганда, жыл сайын бойго жетпей төрөп, аборт жасаткандардын саны өсүп баратат.

«Өлкөдө жылына 1200 аборт жасалат. Алардын басымдуу бөлүгүн 15 - 17 жаштагы кыздар түзөт. 14 жаштагы кыздардан 200 аборт жасалды. Бул расмий маалымат. Такталбаган, катталбаган маалыматтар канча», - деп тынчсызданды депутат.

Анын сөзүнө караганда ар бир 13 аборт жашы жетелек кыздарга туура келген.

«Бул жаштардын үй-бүлө куруу жөнүндө түшүнүгүнүн төмөндүгүнөн кабар берет», - деп сөзүн жыйынтыктады Ниязалиева.

Белгилей кетсек, парламентте КРнын «Кыргыз Республикасынын үйбүлө кодексине толуктоолор киргизүү» тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат.

Поделиться новостью: